"Колдоону сезип жаттым". Жапаров менен Эрдоган Анкарада жолукту

Эрдоган Бишкектен барган куткаруучулар тобунун жогорку кесипкөйлүгүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Анкара шаарында Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кеңири кызматташуу боюнча сүйлөшүп, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурууну белгилешкен.
Эрдоган Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирген. Бишкектен барган куткаруучулар тобунун жогорку кесипкөйлүгүн белгилеген.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Анкара шаарында Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады

2 / 3

Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кеңири кызматташуу боюнча сүйлөшүп, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурууну белгилешкен

3 / 3

Эрдоган Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирген

Көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылыгын айткан.
"Түркиянын президенти Жапаров тараптан колдоосун сезип жатканын, ал биринчилерден болуп көңүл айтуу үчүн телефон чалып, Бишкектеги Түркиянын элчилигинин имаратында көңүл айтуу китебине өзү жазуу калтырганын белгиледи. Түрк элине бир тууган кыргыз элинен мындай колдоо күч-кубат берерин айткан", — деп жазылган маалыматта.
Эрдоган, андан сырткары, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгилегенин билдиришти. Бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү оң динамикага ээ болуп, 26 пайызга өскөн. Келечекте бул көрсөткүчтү 2 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлган. Ал Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын баса белгилеген.
Жапаров Түркияда жакында болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты. Зилзалада түрк эли жалгыз калбагандыгын, анын ичинде Кыргызстан кайгыны тең бөлүшүп, издөө-куткаруу топторун, гуманитардык жана жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу боюнча жардам жөнөткөнүн белгилеген.
Жапаров ошондой эле ушул жылдын 14-майына белгиленген Түркиядагы президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалаган. Мындан тышкары, Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуштаган.
Тараптар эки жакттуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташкан.
Эске салсак, Жапаров Түркияга Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн президенттеринин саммитине катышуу үчүн барды.
Кыргызстандык куткаруучулар уранды алдында 13 күн жаткан үч адамды куткарды