Путин: “дос эмес мамлекеттер” деген түшүнүктүн мааниси так эмес

Путин Россия европалык өнөктөштөрдүн өз алдынча, суверендүү болушуна жана чечимдерди улуттук кызыкчылыктарга карап кабыл алышына кызыкдар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. – Sputnik. Россияга “дос эмес мамлекеттер” деген сөздүн мааниси так эмес, чынында дос эмес элиталар бар. Алар эмне кылып жатканын түшүнбөстөн өз элине зыян тийгизип жатат. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.

“Коомдук аң сезимге “дос эмес мамлекеттер” деген түшүнүк кирип калды. Бул сөз азыркы учурдагы абалды такыр эле чагылдырбайт. Себеби бир нече мамлекетте дос эмес элита, дос эмес башкаруучулар бар. Ал эми көпчүлүк мамлекеттерде саясий система, тилекке каршы, жогорку жакка билими төмөн адамдарды алып чыгып жатат. Алар кээде эмне деп сүйлөп, кандай ишти жасап жатканын деле түшүнбөйт. Натыйжада жасаган иштери өз элине, бизнесине залакасын тийгизүүдө”, — деди Путин Өнөр жай жана ишкерлер союзунун съездинде сүйлөп жатып.

Ал ошондой эле Россия европалык өнөктөштөрдүн өз алдынча, суверендүү болушуна жана чечимдерди улуттук кызыкчылыктарга карап кабыл алышына кызыкдар экенин кошумчалады.
Пентагон АКШ дрону менен болгон чатак боюнча видеону көрсөттү