ККМ, ЭТТК колдонуу. Парламент Салык кодексин өзгөртүү долбоорун кабыл калды

Долбоордо ККМ, ЭТТК, Эсеп-фактура колдонууну, бирдиктүү салык режимдерин киргизүү жана башкалар каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Салык кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору бир эле учурда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алынды.
Экинчи окууда 62 макул, 2 каршы, үчүнчү окууда 63 макул, 1 каршы добуш берилген.
Аталган мыйзам эми президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Анда ККМ, ЭТТК, Эсеп-фактура колдонууну, бирдиктүү салык режимдерин киргизүү жана башкалар каралган.
Бюджет жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов 50гө жакын депутаттан долбоорго 200дөн ашуун сунуш келип түшкөнүн билдирди. Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан анын 100гө чукулу толук, 20сы жарым-жартылай кабыл алынган. Ишкердик субъектилерден 59 сунуш келип түшүп, 20сы толук, алтоо жарым-жартылай кабыл алынды.
Салыкчылардын эң төмөнкү айлыгы 30 миң сом. Депутат муну аз деп эсептейт