13-мартта "Мекен-карта" үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Каалоочулар Кыргызстанда болсо калкты тейлөө борборлоруна, ал эми чет өлкөдө болсо Кыргызстандын дипломатиялык мекемелерине кайрылса болорун Кымбат Кадыралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган карта 10 жылга берилет.
"Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болуп, кийин чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерге жана алардын урпактарына берилет. "Мекен-карта" — паспорт сыяктуу эле документ. Аны алган жаран бир топ артыкчылыктарга ээ болот. Мисалы, Кыргызстанга визасыз кирип чыга алат. Чет жактагы дипломатиялык мекемелерден ала турган болсо баасы 40 долларды түзөт. Сом менен эсептегенде учурдагы наркы — эгер Кыргызстандан алса, 11 миң 315 сом, ал эми чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрдөн алса 15-16 миң сом төлөйт", — деди Кадыралиева.
Ал жарандар тарабынан документтер тапшырылгандан кийин бир айдын тегерегинде "Мекен-картаны" алса болор-болбосун аныктаган комиссия чечим чыгара турганын кошумчалады.