Дарыгер иш учурунда оору жуктуруп алганы алгач иликтенет. Чындыгында иш үстүндө болдубу, мурдатан бар болуп анан инкубациялык учурдан өткөндө билинип жаткан жокпу, мунун баары дыкат каралган соң атайын түзүлгөн комиссия бүтүм чыгарат. Андан аркы процедуралар ошого жараша жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айгүл Баялиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, медик ооруну иш учурунда жуктуруп алганы аныкталса иш берүүчү анын дарыланганына жана майыптыкка учураса пенсиясына өмүр бою каражат бөлүүгө милдеттендирилет.
"Дарыгерлер операция же башка процедураларды жасап жатып илдет жуктуруп алган болсо алгач атайын комиссия түзүлүп, иликтөөгө алат. Ал жерде дарыгерде бул оорунун белгилери мурда бар-жогу, качантан баштап пайда болгону каралат. Мындан сырткары, ал коргонуучу каражаттарды туура колдонгонуна көңүл бурулат. Эгер иш берүүчү коргоочу, антисептикалык бардык каражаттар менен камсыздап, бирок дарыгер өзү шалаакылык кылып койгон болсо иш берүүчүнүн да, дарыгердин да жоопкерчилиги пайыздык өлчөмдө чыгарылат. Иш берүүчүнүн айыбынан медикке оору жуккан учурда жеке клиника болобу, мамлекеттикпи, толугу менен анын дарыланышына акча бөлүп, майыптык алып калса компенсация төлөп берет. Өмүрү менен кош айтышкан учурда анын балдарына пенсия чегерилип, иш берүүчү аны төлөп турууга милдеттендирилет. Ал эми жугуштуу оорусу бар болуп, бейтаптарга да жугуп калуу ыктымалдуулун билип иштеп жүргөн дарыгердин жоопкерчилиги толугу менен жеке өзүндө болот. Башкача айтканда, мындай учурда медик бейтапка иш учурунда оору жуктурса иш берүүчү эмес, дарыгер өзү жооп берет", — деди Баялиева.
Ал ошондой эле дарыгерлер жумушка орношуп жатканда тааныш-билиштик кылып керектүү медициналык справкаларды толтуруп албай, кадимкидей эле текшерүүдөн өтүп коюуга чакырды.