Марттын аягында Сиань — Бишкек — Сиань авиакаттамы көбөйтүлөт

Эми Кытайдын ири шаарларынын бири Сианга Бишкектен учак ар дүйшөмбү, жума жана жекшемби сайын уча тургандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Манас эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому Кытайдын Сиань шаарына авиакаттамдар көбөйтүлөрүн билдирди.
Кытайдын Loong Air авиакомпаниясы 27-марттан тарта Сиань — Бишкек — Сиань багыты боюнча авиакаттамдарды аткарууну пландаштырууда.
"Учуулар Airbus 320 учактары менен жумасына 2 жолу: дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Учуу убактысы болжол менен 4 саат 30 мүнөт", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2023-жылдын 11-февралынан тарта China Southern Airlines авиакомпаниясы аталган багыт боюнча аба каттамдарын жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткара баштаган.
Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек авиакаттамынын саны көбөйтүлдү