Крымдын Россияга кошулушуна 9 жыл болду. Тарыхый видео

Мындан тогуз жыл мурда, дал ушул күнү Крым менен Севастополь элинин басымдуу бөлүгү жалпы элдик добуш берүүдө эки аймактын Россияга кошулушуна ынтызарлыгын расмий билдирген.
Sputnik
Тагыраагы, 2014-жылдын 16-мартында Крымда жарым арал статусу боюнча референдум өткөн.
Референдумга элдин 83,1 пайызы келген да, жыйынтыгында алардын 96,77 пайызы Россия тарапта болууну жактаган.
Ошентип, эки күндөн кийин, тагыраагы, 18-мартта Россиянын лидери Владимир Путин жана Крым менен Севастополь жетекчилери аталган эки аймактын РФтин курамына кириши боюнча келишимге кол коюшкан.