Жаңы кабыл алынган мыйзамда электрондук тамекинин салыгы төмөндөтүлдү

Эл өкүлүнүн айтымында, айкос сатуу менен алектенген жападан жалгыз компания эми азыркыдан 300 миллион сомго аз салык төлөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бүгүн парламентте кабыл алынган Салык кодексин өзгөртүү мыйзамында айкостун (электрондук тамеки) акциздик салыгы эки эсе арзандатылды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев айтып чыкты.
Талкуу учурунда Бекешев айкосту да тамеки сыяктуу ар бир даанасын эсептеп салык салууну сунуштаган. Бирок Акылбек Түмөнбаев айкосту салмагына карап салыгын эсептөөнү демилгеледи. Себебин ал электрондук тамекинин зыяндуулугу тамекиден үч эсе төмөндүгү менен түшүндүргөн.
Ортодо талаш жаралып, төрага эки депутаттын тең сунушун добушка койду эле, Түмөнбаевдин демилгеси колдоо тапты.
Андан соң Бекешев социалдык баракчасына пост жазып, эми айкос сатуу менен алектенген жападан жалгыз компания азыркыдан 300 миллион сомго аз салык төлөрүн билдирди.
"Парламентте айкос жеңди. Көпчүлүк депутаттар менин сунушумду четке кагып, Акылбек Түмөнбаевдин жана бир компаниянын сунушун колдошту. Мага каршы добуш бергендер — лоббисттер, улуттун саламаттыгынан да акча маанилүү болуп калды", — деди Бекешев.
Эл өкүлү буга чейин электрондук тамеки саткан компаниялардын бири өзүнүн кызыкчылыгын ар кайсы депутатка кайрылуу менен коргоп жатканын билдирген. Аны менен катар Түмөнбаев лобби кылып жатканын кыйыткан болчу.
Салыкчылардын эң төмөнкү айлыгы 30 миң сом. Депутат муну аз деп эсептейт