Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кайрадан кармалды

Аткаминер буга чейин бир нече ирет укук коргоочуларга кармалган. Биринде шарттуу кесилсе, экинчисинде 9 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийин соттун чечими кайра жокко чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. – Sputnik. Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кайрадан кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Эми ал Жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси болуп турганда пайдалуу кени бар жерге лицензия берүүнү убада кылып, 50 миң доллар алган деп айыпталууда.
"Зилалиев 2017-жылы Б.Р. аттуу жарандан 50 миң доллар алганы аныкталды. Бирок ал айтылган убадасын аткарбай, акчаны да кайтарып берген эмес", — деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде Зилалиев 15-мартта УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мурдагы вице-премьер 2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун инаугурация күнүндөгү бомба жаңжалынан кийин кызматынан ажыраган. Анда ал ИИМдин курсантына өкмөттүк трассанын жанына бомба коюлганын айткан. Кийинчерээк сот аны 3 жылга шарттуу түрдө кескен. 2018-жылы ал мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. Чиновник 9 жылга эркинен ажыратылып, 2021-жылы өкүм жокко чыгарылган.
781 млн. сомго көбөйтүлгөн айлык: Бишкек мэриясы Башкы прокуратурага жооп берди