Стент коюу — атайын конструкциялардын жардамы менен мурунку диаметрин калыбына келтирүү үчүн тамырдын же органдын (мисалы, заара чыгаруучу түтүкчөнүн) кууш аймагын кеңейтүү процедурасы. Көбүнчө жүрөк операциясынын эң кеңири таралган түрү. Операция учурунда кардиохирургдар тарыган тамырларды калыбына келтирүүчү атайын стенттерди орнотушат. Мындай ыкма жүрөк инфарктын алдын алуунун эң эффективдүү жолу болуп эсептелет. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, стент 19-кылымда стоматологдор тарабынан ойлоп табылган.
"Жүрөктүн тамырларына стент коюу боюнча биринчи операция 1986-жылы жасалган. Андан бери инфаркт оорусун алдын алуу жана дарылоо үчүн ийгиликтүү колдонулуп келет. Стент сандын же колдун артериясы аркылуу киргизилет. Жүрөктүн тамырларынын калыңдыгы өтө кичинекей (2-4 мм) болот. Ал эми тамырлардын ичин май басып калганда ал бүтөлүп, жүрөктө кан жакшы айланбай калат. Мындан улам инфаркт пайда болуп, жүрөк булчуңдарынын некрозуна алып келет. Кичинекей металл серпилгич (пружина) түрүндөгү стент тамырды кеңейтип, кандын эркин өтүшүнө шарт түзөт. Ошондуктан эгер дарыгер стент коюу керектигин айтса, операцияны кийинкиге калтырбоо керек. Жүрөк оорусун алдын алып, ондогон жылдар бою өмүрүңүздү сактап калганыңыз оң. Учурда жүрөктүн ишемиялык оорусу жана коронардык артерияларын май баскан бейтаптарга стент коюу сунушталат. Тамырдын 1/3 бөлүгү бүтөлүп калса адам тез чарчап, энтигип, көкүрөк, жүрөк тарабы ооруп баштайт. Коронардык артерия оорусунун мындай белгилери жүрөккө операция жасоонун себеби болуп саналат", — деди Осмонов.
Кардиолог эгер артериянын ичи 70 пайыздай жабылса инфаркт пайда болушу мүмкүндүгүн эскертип, бул учурда хирургиялык кийлигишүү шашылыш түрдө дайындаларын кошумчалады.