"Эркекче-меркекче" деген өтпөйт. Спикер президенттин кеңешчисине эскертүү берди

Төрага парламенттин трибунасында этияттап сүйлөөнү талап кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Элдик курултай боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда баяндама жасап жаткан президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев менен депутат Медер Алиев тамашалашты.
"Концепцияны жалпысынан колдосо болот, бирок негизги бир нерсени эске алуу менен гана. Анын ичинде баяндамачылар "Курултай институту менен парламенттин ортосунда так ажырым болот" деп жигиттик, адамдык сөзүн бериши керек", — деди Алиев.
Буга жооп берген Абыкеев депутаттардын бардык сунуштарын кабыл алууга эркекче сөз берерин айтты. Конституциялык кеңешме учурунда дагы ушул маселеде мушташканга чейин барышканын эске салды. Анда Алиев "андайдын кереги жок, мушташтын жыйынтыгы жаман болуп жатат" деп тамашалады.
Ошол учурда спикер Нурланбек Шакиев баяндамачынын этияттап сүйлөшүн талап кылып, эскертүү берди.
"Бул жерде "эркекче-меркекче" деген сөздөр өтпөйт. Андай сөздөрдү айтуудан этият болсоңуздар. Бул жер андай сөздөрдү айта турган трибуна эмес", — деди төрага.
"Кооптуу". ЖК Элдик курултай боюнча мыйзам долбоорун карабай, кайра кайтарды