Садыр Жапаров Анкарага барды

Эртең анын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. – Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун учагы Анкара шаарындагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркиянын туулары илинип, Ардак кароол тизилген.
1 / 2

Президент Садыр Жапаровдун учагы Анкара шаарындагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна келип конду

2 / 2

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркиянын туулары илинип, Ардак кароол тизилген

Эске салсак, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышат.
Ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Путиндин быйыл Казакстанга келери айтылууда