Садыр Жапаров Түркияга барат. Себеби

Президенттердин кырсыктар боюнча иш алып баруу жана гуманитардык жардам темасын талкуулашары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 15-16-мартта Анкара шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген.
Сапардын алкагында мамлекет башчы Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынына катышары маалым болду.
Жапаровдун Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалганын, алар өз кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашары айтылды.
Мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынында кырсыктар боюнча иш алып баруу жана гуманитардык жардам талкууланат.
Саммитке уюмга мүчө болгон Кыргызстандын, Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын башчылары катышат. Андан сырткары, Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы ТМУда байкоочу макамына ээ өлкөлөр катары барары айтылды.
Садыр Жапаров Түркиянын элчилигине барып боордош элге көңүл айтты. Видео