АКШнын коргоо министри учкучсуз учак менен болгон окуядан кийин Россияга кайрылды

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Америка эл аралык мыйзам уруксат берген жерде иштеп, учактарын учура берерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. – Sputnik. Кара деңиздин үстүндө учкучсуз учак менен болгон окуядан кийин АКШнын коргоо министри россиялык аскерий учактарды "коопсуз жана кесипкөй" учууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Остин Украинага аскердик жардам көрсөтүүчү донорлордун кезектеги жыйынын ачып жатып: "АКШ эл аралык мыйзам уруксат берген бардык жерде учуп жана иштей берет. Россия согуштук учактарын коопсуз жана кесипкөй түрдө колдонушу керек", - деди.
Россиянын Коргоо министрлиги шейшемби күнү эртең менен америкалык MQ-9 учкучсуз учагы Кара деңиздин үстүндө аба мейкиндигин пайдалануу боюнча убактылуу режим аймагынын чек арасын бузганын билдирген. Ал Россия Федерациясынын чек арасын көздөй жылып бара жаткан. Россиялык истребителдер кирип келген обьектини аныктоо үчүн асманга көтөрүлгөн. Капыстан жасалган маневрден улам дрон бийиктигин жоготуп, көзөмөлсүз учуп, сууга кулап түшкөн. Россия истребителдери MQ-9 менен байланышта болгон эмес, десанттык куралдарын дагы колдонушкан эмес.
АКШ бийлиги пилотсуз учактын арткы винти Россиянын Су-27 учагын сүзгөндөн кийин кулап түшкөнүн ырасташууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херш: Киев утула турган болсо АКШ жаңжалга кийлигишүүсү мүмкүн