Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргонуу министрлиги "Мста-С" кантип иштеп жатканын көрсөттү. Видео

Алдыңкы чектеги россиялык гаубицалар Украинанын куралдуу күчтөрүнүн тамагына тыгылган сөөктөй эле болуп жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги өзү жүргөн дивизиондук "Мста-С" техникасынын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жашырылган позицияларына сокку урган видеону таратты.
Аны Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Чалгынчылар каршылаш тарапты көзгө илинбегидей кылып, токой тилкесинде жаап-жашырылган позицияларын таап чыгып, координаттарды берген.
Өзү жүргөн "Мста-С" чектешкен жерге барып, көрсөтүлгөн жерди бутага алган. Алардын аралыгы 20 чакырымга жакын болгону жазылган.
Коргоо министрлигинен артиллериялык күчтөр от бүрккөн жерлерди, чет жактан келген үлгүлөрдү, ал жерден жүргөн күчтөрдү жок кылып жатканын билдиришкен.
"Алдыңкы чектеги россиялык гаубицалар — Украинанын куралдуу күчтөрүнүн тамагына тыгылган сөөктөй эле болууда. Техникалардын жардамы менен алардын бөлүктөрүнүн маневрларын бууп, бекемделген райондордо маанилүү түйүндөрдү жок кылышууда", — деп айтылган билдирүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Торнадо-Г" жана каршылаш тарапка түшкөн октор. Видео