БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россия Кара деңизге түшкөн америкалык учкучсуз учактын сыныктарын алып чыгууга аракет кылат. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев "Москва. Кремль. Путин" берүүсүндө айтты.
"Биз аны ала алабызбы же жокпу, билбейм, бирок биз муну кылышыбыз керек жана биз муну жасайбыз", — деди ал.
Патрушев кошумчалагандай, учкучсуз учак менен болгон окуя АКШнын Украинадагы аскерий операцияларга түздөн-түз тиешеси бар экенин дагы бир жолу тастыктайт.
Россиянын Коргоо министрлиги шейшемби күнү эртең менен америкалык MQ-9 учкучсуз учагы Кара деңиздин үстүндө аба мейкиндигин пайдалануу боюнча убактылуу режим аймагынын чек арасын бузганын билдирген. Ал Россия Федерациясынын чек арасын көздөй жылып бара жаткан. Россиялык истребителдер кирип келген обьектини аныктоо үчүн асманга көтөрүлгөн. Капыстан жасалган маневрдан улам дрон бийиктигин жоготуп, көзөмөлсүз учуп, сууга кулап түшкөн. Россия истребителдери MQ-9 менен байланышта болгон эмес, десанттык куралдарын дагы колдонушкан эмес.