Милиционер жарым тонна күкүрт кислотасын сатууга аракет кылып кармалган. Видео

Кербенде (Жалал-Абад облусу) милиционер 563,7 килограмм күкүрт кислотасын сатууга аракет кылып жатып кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Sputnik
Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 10-мартта баңгизат жасоодо колдонулчу (прекурсор) контрабандалык затты сатууга аракет кылганда колго түшкөнү айтылган.
ИИМден буга чейин тартип сакчысынын мыйзамсыз иштер менен алектенип жүргөнүнө ынаныш үчүн текшерип көрүшкөн. Ал мезгилде милиционер 330,9 килограммдык күкүрт кислотасын сатып, "ишмердүүлүгү" тастыкталган.