Радио

Милицияга адам кайсы учурда мажбурлап жеткирилет? Адвокаттын түшүндүрмөсү

Адвокат Куватбек Шатманов мажбурлап милиция бөлүмүнө жеткирүү аракети мыйзам алкагында кандай жүргүзүлөрүн айтып берди.
Sputnik
Административдик мыйзам бузуунун алкагында милиция кызматкери сизди көчөдөн токтото турган болсо маселени жеринен чечип, милиция бөлүмүнө барбоого аракеттенүү туура. Бул тууралуу Куватбек Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, административдик мыйзам бузуунун алкагында милиция бөлүмүнө жеткирилген жарандын мыйзам бузганы аныкталбаса тартип сакчылар аны үч саат аралыгында коё берүүгө милдеттүү.
"Милиция кызматкерлери жарандарды көчөдөн эки учурда токтотушу мүмкүн. Административдик мыйзам бузуу алкагында жана шектүү катары. Шектүү катары токтоткондо башка эреже, тартиптер иштейт. Биз азыр административдик мыйзам бузуунун алкагында тартип сакчылар көчөдөн кармаган учурдагы жарандык укук, милдеттерине токтололу. Биринчиден, эгер сиз өзүңүз мыйзам бузбаганыңызга ишенсеңиз жана колуңузда өздүгүңүздү тастыктаган документтериңиз болсо милиция бөлүмүнө баруудан баш тартсаңыз болот. Милиция бөлүмүнө көбүнесе тартип сакчылары сиздин мыйзам бузганыңыздын үстүнөн чыккан учурда, сиздин атыңызга арыз түшкөн маалда же кайсы бир шектүүгө окшошуп жатсаңыз алып барышат. Ал жактан кеңседеги маалыматтарды алып, мыйзам бузулган-бузулбаганын аныкташ үчүн жасалган аракет. Мындай учурда да сиз күнөөсүз экениңиз аныкталса үч сааттан ашырбай коё бериши зарыл. Бөлүмчөгө алып барарда сиз жактоочуңузга же жакындарыңызга чалганга укуктуусуз", — деди Шатманов.
Адвокат көчөдөн милиция кызматкерлери токтоткондо тартип сакчылардын атын жамынган шылуундарга алданып калбаш үчүн анын өздүгүн тактаган документтерин сурап, кунт коюп карап чыгуу зарылдыгын кошумчалады.