Экология министри Кутманова кызматынан бошотулуп, жаңы жетекчи дайындалды

Кутманова аталган кызматта 2021-жылдын сентябрынан бери иштеп келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Динара Асиевна ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Мамлекет жетекчисинин дагы бир жарлыгы менен аталган кызматка Мелис Тургунбаев дайындалды

2 / 2

Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Мамлекет жетекчисинин дагы бир жарлыгы менен аталган кызматка Мелис Тургунбаев дайындалды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Эскерте кетсек, Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп 2021-жылдын сентябрь айынан бери иштеп келе жаткан.
Бишкек мэри бешинчи орун басарлуу болду