БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. "Түндүк агымдагы" жардырууну иликтеген америкалык журналист Сеймур Херш Украинада абал начарласа Россия менен болуп жаткан жаңжалга АКШ кийлигишүүсү мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украинада кырдаал курчуса окуя кандай өңүт аларын билбейм... Мага оюн мындай болот деп айтышты: биз орустарга каршы чабуул жасаган НАТОну колдойбуз. Россия менен биз согушуп жатабыз", — деди Херш Вашингтондогу улуттук пресс-клубда сүйлөп жатып.
Ал орустар Экинчи дүйнөлүк согушта Сталинграддын алдындагы кандуу кагылышууда жеңилүүгө дуушар болбогонун эске салды.
"Биз дал ушундай адамдар менен согушууну каалап жатабызбы? Менимче, жок. Биз даяр эмес болушубуз керек, билбейм, айтор", — деген Херш.
Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Украинадагы окуялар АКШнын көп жылдан бери Россияга каршы гибриддик согуш ачууга даярдыгынын натыйжасы болуп, көп полярдуу дүйнөнү түзүүгө жол бербөө аракети экенин белгилеген. Анын айтымында, атайын операциянын жүрүшү АКШ жана НАТО мындан ары да аскерий чырды создуктурууга болгон күчүн жумшай турганын көрсөтүп жатат.
Россия ТИМи АКШ менен НАТО Украиндагы жаңжалга тикелей катышып "курал-жарак эле жеткирбестен Улуу Британия, Германия, Италия жана башка мамлекеттерде кадрларды даярдап" жатканын айтып келген.
Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү "Түндүк агым" түтүктөрүндөгү жардырууну иликтеп, өз маалымат булагына таянуу менен жардыруучу заттар түтүктөрдүн алдына 2022-жылдын июнунда АКШ Куралдуу күчтөрүнүн суучулдары тарабынан коюлганын билдирген. Аларга норвегиялык адистер колдоо көрсөткөн. Херштин маалыматы боюнча, аталган операцияны жүргүзүү чечимин президент Жо Байден администрациянын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген адистери менен тогуз айлык талкуу өткөрүп кабыл алган. Кийинчерээк Пентагон АКШнын түтүктөрдүн жардырылышына эч кандай тиешеси жок экенин айтып чыккан болчу.