Түркияда өлтүрүлгөн кыргыз келин: кайнатасы өмүр бою кесилди

Трагедия 2021-жылы күзүндө болгон. Киши келинин бычактап, сөөгүн араалап салган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Түркияда сот 67 жаштагы Фехми Адсызды келинин (кыргызстандык аял) өлтүргөнүн аныктап, өмүр бою абакта отурууга өкүм кылды. Бул тууралуу түркиялык ЖМКлар жазды.
Трагедия 2021-жылы күзүндө Түркиянын Текирдаг аймагында болгон. Фехми Адсыз жубайын атайылап неберелери менен конокко жиберген да, келинине кол салган. Кылмышкердин айтымында, ага "неберелерди жетиштүү карабайсың, аялым экөөбүзгө жакшы мамиле кылбайсың" деп кине койгон. Фехми Адсыз келинди алгач бычактап өлтүрүп, кийин денесин бензин менен иштөөчү араа колдонуп араалап салган.
Маркумдун эки баласы болгон.
ЖМК: Стамбулда турмушка чыгуудан баш тарткан кыргызстандык кыз бычакталды