БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 13 жаңы айыл пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу мыйзам долбоорун Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик коомдук талкууга чыгарды.
Анда төмөнкү калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү каралган:
1.
Баткен облусунун Баткен районунда — Момунов;2.
Баткен облусунун Кадамжай шаарында — Жаңы-Жер;3.
Баткен облусунун Кадамжай шаарында — Жийделик;4.
Баткен облусунун Кадамжай районунда — Келечек;5.
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында — Качыбек;6.
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында — Мээркан;7.
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында — Татар;8.
Ош облусунун Кара-Суу районунда — Кайрагач;9.
Ош облусунун Кара-Суу районунда — Достук;10.
Ош облусунун Кара-Суу районунда — Кызыл-Тал;11.
Ош облусунун Ноокат районунда — Калдай;12.
Чүй облусунун Сокулук районунда — Исмаил;13.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда — Келечек (азыркы аталышы Пристань-Маслозавод).Агенттик Жогоруда аталган калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү боюнча чечим жергиликтүү тургундардын чогулушунда кабыл алынып, айылдык кеңештер, акимчиликтер, президенттин Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы өкүлчүлүктөрү макулдук бергенин белгиледи.
Мыйзам боюнча ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем болбогон, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуштар айыл болуп түзүлөт. Сунушталган аймактарда 20 329 адам жашайт. Калкы эң аз делген Кадамжайдагы Келечек конушунда 152, ал эми Достукта эң көп — 2500 киши жашайт.
"Конуштарга айыл макамын берүү тиешелүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн инвестицияларды тартууга, ар кандай долбоорлор менен кызматташууга, ички резервдерди, жергиликтүү жамааттын мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо маселелеринин активдештирилишине түрткү болот. Жашоочулар ушул айылга каттоого турганга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп жазылат долбоордо.
Аталган иштерди жүзөгө ашырууга төрт миллион сом талап кылынат, ал жергиликтүү бюджеттен бөлүнмөкчү.