БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Сауд Арабиянын энергетика министри ханзаада Абдель Азиз бен Сальман падышачылык берип жаткан нефтинин баасына чек койбоону айтып, эгер андай болгон учурда Эр-Рияд баанын чектелишин колдогон өлкөлөргө продукция берүүдөн баш тартарын эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Сальман Energy Intelligence журналына берген маегинде бааны чектөө боюнча саясат рынокту олку-солку кыларын жана ал мунай тармагына кесепетин тийгизерин айткан.
Министрдин пикиринде, мындай кадамдар АКШ өкмөтүнө ОПЕКтин мүчөлөрүнө каршы антимонополиялык доо арыздарды берүүгө мүмкүндүк берген NOPEC мыйзамын кабыл алуу аракетине окшош.
"Эгерде Сауд мунайынын экспортуна баа чектөөсү киргизилсе, биздин продукциялардын наркына карата бул тартипти колдоп, коюп алган кайсы гана өлкө болбосун, нефть сатпайбыз", — деп белгилеген министр.
Мындай болгон учурда Эр-Рияд мунай казууну токтоторун, башка өлкөлөр да дал ушундай кадамга барса, "таң калбай тургандыктарын" айткан.
2022-жылын 5-сентябрынан тарта батыш өлкөлөрүндө мунай санкциясы кирди. Евробиримдик деңиз менен ташып келинген россиялык нефтини алууну токтотту. Ал эми "Чоң жетиликтин" өлкөлөрү, Австралия жана Евробиримдик деңиз менен келгендерге баррели 60 доллар болушу шарт деген чек киргизди. Наркын андан кымбаттатса ташып келүүгө тыюу салынат дешти.
Ал эми Москва буга жооп кылып 1-февралдан тарта нефтини соодалоо боюнча чет элдиктер менен келишимде баа чектелгени айтылса, продукцияны сатууга тыюу салган.