БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Эндометриоз кеңири тараган оору экендигине карабастан гинекологдор диагнозду 7-8 жылга кечиктирип коюшат. Бул тууралуу "Известия" агенттигине акушер-гинеколог Юлия Максимова айтып берди.
Анын билдиришинче, аялдарда эндометриоз өрчүп кеткенге чейин билинбейт. Кээде, тескерисинче, оорунун башталышында катуу синдромдор байкалат.
"Адатта бейтаптар этек кир күрөң, коюу болуп келип жатканын же кандын мурдагыга салыштырмалуу көп келгенин айтып арызданышат. Ошондой эле ич, бел катуу оорутуп, жыныстык катнаш учурунда ыңгайсыздыктар байкаларын айтып даттанышат", — деди Максимова.
Адистин айтымында, эндометриоздо жатындын былжырлуу катмарындагы клеткалар (эндометрийлердин) жатындан тышкары башка органдарга да көчүп өсүп кетет. Тагыраагы, клеткалар эн бездерге, жатын түтүкчөсүнө, жатын моюнчасына, жадагалса жыныс кынынын оозу менен көтөн чучуктун ортосуна, ичегиге, табарсыкка, киндикке жана башка жактарга өсүп кетет. Бул учурда аялдын жатынынан кан кетип, оорутуп, аз кандуулукка да алып келет.
Адис оорунун активдүү түрлөрү төрөй турган курактагы аялдарда, башкача айтканда, менопаузага чейинки бейтаптарда (айрым учурларды кошпогондо) гана аныктала турганын баса белгиледи.