Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү орусча сүйлөдү. Видео

Британия координатору Лондондун "Россиянын урап түшүшүн каалабастыгын", тескерисинче, өнүккөн алдыңкы мамлекет болушу керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. БУУдагы Улуу Британия өкүлү Фергус Экерсли Лондон русофобияны жайылткан жок деген нерсени далилдеш үчүн орус тилинде сүйлөгөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз русофоб эмеспиз, өлкөлөр арасында тарыхый байланыштарыбыз бар. Дүйнөлүк эки согушта биргелешип салгылашканбыз. Биздин өлкөдө Россиянын маданий бай мурасын терең урматташат. Мен жеке өзүм орус тилин, анын тарыхын, эң мыкты адабиятын жети жыл окудум", — деген Бириккен Улуттар Уюмундагы Британиянын туруктуу өкүлчүлүгүнүн координатору Фергус Экерсли.
Андан соң өкүл Лондондун "Россиянын урап түшүшүн каалабастыгын", тескерисинче, өнүккөн алдыңкы мамлекет болушу керектигин англис тилинде айткан.
Вышинский БУУда украин бийлигинин русофобиясы тууралуу айтты