Бишкек мэри бешинчи орун басарлуу болду

Жаңы орун басар транспорт жана курулуш тармагын тескейт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Мурат Осмонов Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалганын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Осмонов Улуттук статистикалык комитеттин "Интеллектуалдык маалыматтардын борбору" мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Кайсы бир мезгилде Свердлов жана Ленин райондорунун акими болгон, "Макен групп" курулуш компаниясын жетектеген.
Осмонов шаар жетекчисинин бешинчи орун басары болмокчу. Ал транспорт жана курулуш жагын тескейт. Учурда мэрге Мирлан Байгончоков, Виктория Мозгачева, Нурдан Орунтаев жана Жыргалбек Шамыралиев орун басар болуп иштеп келишет.
Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары болду