Бишкек: балдар ата-энеси менен кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарга катыша алат

Ийримдер инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана улуттук каада-салттарды сактоо максатында уюштурулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкектик балдар 17-марттан тарта прикладдык искусство боюнча мастер-класстарга катыша алат. Бул иш-чараны Свердлов районунун акимчилиги уюштуруп жатканын мэриядан билдирди.
Ар аптанын жума күнү саат 15:00дөн 17:00гө чейин өтө турган ийримдерге балдар ата-энеси менен бирге катышуусу зарыл. Бирок орундар чектелүү болгондуктан алдын ала жазылуу керек.
Ийримдер инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана улуттук каада-салттарды сактоо максатында уюштурулууда.
Мастер-класстардын тизмеси:
17-март – чий токуу;
24-март — кийиз кол өнөрчүлүгү;
31-март – көркөм моделдөө (чопо);
7-апрель — кыргыз оймосу;
14-апрель — комуз жасоонун тарыхы;
21-апрель — улуттук сувенирлерди жасоо.
Жазылууну каалагандар 0500 606509, 0555 696209 номерлерине чалса болот.
Бишкекте өзгөчө саймалардын көргөзмөсү өтөт