"Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоору эми мал чарбачылык жана өсүмдүк өстүрүү багыттарын гана каржылайт. Бул тууралуу Эмилбек Кыдыкманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин дыйкан, фермерлерге насыя берүү мамлекеттик жана 10 коммерциялык банк аркылуу жүрсө, эми мамлекеттик "РСК Банк" жана "Айыл банкы" аркылуу гана ишке ашат.
"Министрлер кабинетинин токтому менен "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоору бекитилди. Аталган долбоор жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Буга чейин дыйкан, фермерлерди каржылоо мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үч багыты боюнча болсо, эми акыркы категория алып салынды. Мындан тышкары, насыя берүү мамлекеттик жана 10 коммерциялык банк аркылуу жүрсө, эми мамлекеттик "РСК Банк" жана "Айыл банкы" аркылуу гана ишке ашат", — деди Кыдыкманов.
Ошондой эле адис "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоору аркылуу дыйкан, фермерлер жалпы 3,3 миллиард сомдук 6 пайыздык чен менен жеңилдетилген насыя ала турганын кошумчалады.