Жыл башынан бери Кыргызстандан Өзбекстанга канча турист барган

Эки айда Өзбекстанга туристтик максатта 871 миң киши келген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Быйыл коңшу мамлекет Өзбекстанга турист катары 211 200 кыргызстандык барганын Sputnik Өзбекстандын Telegram каналы билдирди.
Статистика боюнча агенттиктин маалыматына караганда, эки айда туристтик максат менен аталган өлкөгө 871 миң чет элдик кирген. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 544 400 адамга көп экендиги айтылды.
Кайсы жактардан көп келген:
Тажикстан — 289 миң киши;
Казакстан — 241 миң;
Кыргызстан — 211 миң;
Россия — 81 миң;
Түркия — 13 миң.
Кыргызстандыктар 24 өлкөгө визасыз эле бара алат. Тизме