Радио

Бишкекте болочок журналисттерге арналган "Жоогазын" фестивалы өтөт

Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын ага окутуучусу Татына Токторбаева аталган иш-чара 2017-жылдан бери уюштурулуп келерин айтты.
Sputnik
Жарнама жана PR тармагында окуп жаткан студенттерге арналган "Жоогазын" фестивалы 16-17-март күндөрү Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Татына Токторбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул фестиваль — келечектеги жарнама жана PR адистери үчүн мыкты аянтча.
"Жоогазын" фестивалы 2017-жылы биздин окуу жай тарабынан негизделген. Максаты — жарнама жана PR тармагында билим алып жаткан студенттерди иш берүүчүлөр менен байланыштыруу жана теориялык билимин практика жүзүндө ишке ашыруу. Анткени ЖОЖду бүткөндөн кийин көпчүлүк жаштарыбыз белгисиздикке туш болуп, кайда барышарын билбей кыйналып калышууда. Анткени тажрыйба жок. Ал эми иш берүүчүлөр болсо кеминде үч жылдык тажрыйбасы бар адистерди жумушка алышат. Аталган фестивалга буга чейин өлкөбүздөгү университеттер гана катышып келсе, быйыл Казакстан жана Россиядан да студенттер онлайн кошулмакчы", — деди ага окутуучу.
Ал учурда иш-чарага даярдыктар кызуу жүрүп жатканын белгиледи.