Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалды

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы жетекчилер тарабынан мыйзам бузулганы аныкталган.
“Улуттук банктын мурдагы жетекчилери “Росинбанк” ААКсынын (азыркы “Керемет банк”) акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алганы боюнча маалыматтар түшкөн. Ал эми бул банктын иши рентабелдүү жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болгон эмес”, - деп айтылат маалымматта.
Бул кылмыш ишинин алкагында Улуттук банк башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Ж.Н. жана Т.А., ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү С.А. жана С.Н. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.
781 млн. сомго көбөйтүлгөн айлык: Бишкек мэриясы Башкы прокуратурага жооп берди