Улуттук банк кечээ валюта рыногуна 35 млн. доллар сатты

Бул жыл башынан берки бешинчи интервенция, жалпысынан 262,2 миллион доллар сатылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Улуттук банк кечээ, дүйшөмбүдө, валюта рыногуна 35 миллион доллар сатты.
Адатта каржылык системаны жөнгө салуу органы курстун кескин секирик жасап кетишин жөндөө же тартыштык/ашык болуп кетүү жаралбашы үчүн долларды чыгарып сатат же өзү кайра сатып алат.
Бүгүн доллардын орточо курсу дээрлик өзгөргөн жок.
Бул жыл башынан берки бешинчи интервенция, жалпысынан 262 миллион 170 миң доллар сатылды. Ал эми март айынын эсебинен Улуттук банк биринчи ирет интервенция жасады.
Эреже болуп калгандай, долларды рынокко сатуу же алуу накталай эмес түрдө ишке ашырылат.
Улуттук банк февралдын жарымында эле 122,3 млн. доллар сатып койду