Трамп: Россиянын эмес, АКШнын режимин алмаштыруу керек

Экс-президентке Fox News телеканалынын журналисттери "АКШ Россиядагы режимди алмаштырууну колдошу керекпи?" деген суроону узаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россиянын эмес, АКШдагы бийликти алмаштыруу алда канча маанилүү экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Трамп 2024-жылы АКШнын президенттигине ат салыша турганы айтылган.
"Биз АКШнын режимин алмаштырууну колдошубуз керек. Ушул нерсе маанилүү. Байдендин администрациясы бизди азыркы башаламандыкка кептеди", — деди Трамп.
Ал Fox News телеканалынын суроолоруна жооп берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Мезгил жетти". АКШда Украинага жардам берүүнү токтотууну талап кылышууда