БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. РФтин Коргоо министрлиги "Торнадо-Г" залптык октук реактивдүү системасынын Батыш аскер округунда атайын операциянын алкагында иштеп жатканын көрсөттү.
Ал процесстин видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
"Артиллеристтер бир позициядан эч качан экинчи жолу иштебейт. Машинаны эч качан мурдагы койгон жашыруун жерине кайрадан токтотпойт", — деп айтылган маалыматта.
"Торнадо-Г" реактивдүү системасы артиллериялык жана миномёттордун батареяларын, абадан коргонуу күчтөрүн, душмандын линиясынын артындагы объектилерди, топтолгон жерлерде адам күчүн жана техникасын жок кылууга арналган. Техника автоматташтырылган система менен жабдылган.