Өлкөнүн 2040-жылга чейинки суу боюнча улуттук стратегиясы иштелип чыгып, мамлекет башчы Садыр Жапаров ушул жылдын 10-февралында №23 жарлыгы менен бекитти. Бул тууралуу Эркинбек Абдрасулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, документте суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, суу ресурстарын сактоо жана коргоо, суу ресурстарын башкаруу жана реформалоо деген үч негизги багыт каралган.
"Кыргызстан — Борбор Азия мамлекеттери ичинде суу ресурстарына мол өлкө. Республика аймагында 3,5 миңге чейин өзөн, дарыя, 1 923 көл бар. Бизде жалпысынан 8 284кө чукул мөңгү катталып, алардын болжолдуу көлөмү 544 чакырым кубду тузүп, Борбордук Азияда Кыргызстан мөңгүнүн запасы боюнча биринчи орунда турат. Ал эми акыркы мезгилдеги климаттын өзгөрүшү жана демографиянын өсүшү өндүрүштө жана башка тармактарда суу пайдалануунун өсүшүн шарттап жатат. Бул суу саясатына, суу ресурстарын туура пайдаланууга абдан олуттуу көңүл буруу керек дегенди билдирет. Ушундай жагдайларды эске алуу менен өлкөнүн 2040-жылга чейинки суу боюнча улуттук стратегиясы иштелип чыкты. Аны мамлекет башчы Садыр Жапаров ушул жылдын 10-февралында №23 жарлыгы менен бекитти. Стратегиялык документте суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, суу ресурстарын сактоо жана коргоо, суу ресурстарын башкаруу жана реформалоо деген үч негизги багыт каралган", — деди Абдрасулов.
Ошондой эле адис Экология министрлиги суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча бирдиктүү маалымат системасын жана туруктуу экономикалык механизмди түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.