Коррупция болбосун! Жапаров ИИМге жол инспекторлорун катуу көзөмөлдөөнү тапшырды

Мамлекет башчы пара талап кылуу фактылары болсо, жарандарды ачык айтууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ИИМ жетекчилигине жалпы республика боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Мындай чечим жол эрежелерин бузуунун айрым түрлөрүнө айып пул өлчөмү көбөйтүлгөнүнө байланыштуу кабыл алынган.
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлеринин арасында коррупциялык жосундарга жол бербөө үчүн мыйзам талаптарынын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Абийирсиз кызматкерлердин бардыгына тийиштүү чаралар көрүлөт. Ошондой эле айдоочулар арасында түшүндүрүү-профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди", — деди маалымат катчы.
Ошону менен бирге Жапаров жол инспекторлору тарабынан пара талап кылуу фактылары болсо, жарандарды ачык айтууга чакырган.
Көңүл буруңуз! Бүгүндөн тарта эреже бузгандардын айып пулу көбөйтүлдү