Путин: Россиянын бизнеси Батыштын кеткен компанияларынын ордун оңой эле басып койду

Путин чакан жана орто бизнестеги өндүрүш өсүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Батыштын компаниялары Россиядан кетип жатканда баары кыйрайт деп ойлошкон, бирок жергиликтүү бизнес алардын рыноктогу ордун оңой эле басып койду. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Алар ойлогондой эч нерсе болгон жок. Россиянын экономикалык ишмердүүлүгүнүн катышуучулары көбөйүп, бекемделди. Алардын өзүнүн маданий деңгээли, бүт дүйнөдө иштей элек байланыштары пайда болду. Кеткендердин ордуна оңой эле келип басып калышты", — деди Путин.
Ошондой эле ал чакан жана орто бизнестеги өндүрүш өсүп жатканын, бош калган рынокту ата мекендик өндүрүшчүлөр дароо толтурганын белгилеген.
Путин: Батыштын көздөгөнү — Россияны майда бөлүктөргө бөлүү