Путиндин быйыл Казакстанга келери айтылууда

Бүгүн Касым-Жомарт Токаев россиялык элчини кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин бул жылы Казакстанга келери күтүлүүдө. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президентинин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Россиянын Казакстандагы элчиси Алексей Бородавды кабыл алган.
"Жолугушууда Россиянын элчиси мамлекеттин башчысына үстүбүздөгү жылы күтүлүп жаткан президент Владимир Путиндин Казакстанга болгон сапарынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле күздө Костанайда өтө турчу Региондор аралык кызматташтык боюнча XIX  форум талкууланды", — деп жазылат маалыматта.
Аны менен катар казак-орус ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышуу болгон.
Си Цзиньпин менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү боюнча Ак үй үн катты