Кыргызстандын өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү январда 20,5%га өстү

Товар жүгүртүүнүн 32,2 пайызы ЕАЭБге мүчө-өлкөлөргө таандык.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү быйылкы январда 34,7 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 20,5 пайызга жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында камтылган.
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын алгачкы айында 125,5 миллион долларлык товар сыртка экспорттолуп (өсүү 12,9 пайыз), ал эми импорт 709,2 миллион долларга (өсүү 22 пайыз) жеткен. Эгер пайыздык көрсөткүч менен алса, анда өз ара сооданын 85 пайызын импорт, 15 пайызын экспорт түзөт.
Товар жүгүртүүнүн 32,2 пайызы ЕАЭБге мүчө-өлкөлөргө, калган 67,8 пайызы үчүнчү мамлекеттерге таандык.
Кыргызстан жалпысынан 100дөн ашуун өлкө менен экономикалык жактан кызматташат.
Кыргызстандын эң ири 10 соода өнөктөшү