Кыргызстандык мугалимдер Россиядан билимин жогорулатса болот. Окутуу акысыз

Окутуу мөөнөтү эки жумадан 10 айга чейин.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери үчүн Россияда акысыз негизде квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул туурасында Россотрудничество билдирди.
Кайра даярдоо жана кошумча билим берүү программасын Москва, Санкт-Петербург, Казань, Нижний Новогород, Псков, Иркутск жана башка шаарлардагы университеттер сунуштайт. Окутуу мөөнөтү эки жумадан 10 айга чейин.
Окутуунун багыттары:
орус тилин чет тил катары окутуу;
мектепке чейинки педагогика жана психология;
орус тили мугалимдери үчүн орус тил;
маданияттар аралык коммуникация;
жана башка.
Документтер 20-мартка чейин сайты аркылуу кабыл алынат. Жогорку окуу жайлардын тизмеси жана программасы менен шилтеме менен кирип таанышууга болот.
"Россия өкмөтүнүн квотасы боюнча окутуу — бул мүмкүнчүлүк окуучулар менен студенттер үчүн эле эмес, бирок жогорку билими барлар, иштеп жаткан жана квалификациясын жогорулатууга ынтызар адамдарга берилет. Албетте, мындай программалар биринчи кезекте педагогдордун арасында талап кылынат. Муну Россиянын алдыңкы институттарында кесиптик деңгээлин өнүктүрүүгө жаралган чыныгы мүмкүнчүлүк десек болот", — деди Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев.
Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт