Муфтият быйылкы битир-садаганын өлчөмүн бекитти

Бей-бечара, муктаждарга соопчулук үчүн белгиленген суммадан көбүрөөк берүү да сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Муфтият Кыргызстан боюнча битир-садаганын быйылкы өлчөмүн бекитти.
Маалыматка ылайык, быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Аны базар баасы менен алганда ар бир адамга 50 сомдон эсептелди.
Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (1 кг 600 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз 636 сом, ун 74 сом, арпа 90 сом болсо, курма 986 сомду түздү.
Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу менен мечиттерде бере алышат.
Муфтият битир-садаганы жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры экенин эскертти. Бей-бечара, муктаждарга соопчулук үчүн көбүрөөк берүү да сунушталат.
Орозо 23-мартта башталат. Муфтияттын билдирүүсү