Айдоочу, көңүл буруңуз! Бишкек менен Чүйдө көчмө камералар иштей баштайт

Аппараттык-программалык комплекстер турчу жолдорго атайын эскертүү белгилери орнотулду.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Эртең, 15-марттан тарта, Бишкек менен Чүйдө көчмө аппараттык-программалык комплекстер иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Мындай иштер жол кырсыктарын алдын алуу жана ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында жасалат.
Аппараттык-программалык комплекстер турчу жолдорго атайын эскертүү белгилери орнотулду.
Көңүл буруңуз! Бүгүндөн тарта эреже бузгандардын айып пулу көбөйтүлдү