Бишкектин чыгыш тарабында 16-мартта суу болбойт

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкектин чыгыш тарабында 16-мартта саат 9:00дөн баштап 20:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Шаар бийлиги калктан жана уюмдардан таза суу камдап алууну өтүндү.
Сууну өчүрүүгө "Контррезервуар" суу кампасындагы жана түтүктөр тармактарындагы оңдоп-түзөө иштери себеп болууда.
Суу убактылуу Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштары, Полиция шаарчасында токтотулат.
Камсыздандырылбаган үйлөрдүн жарыгын өчүрүү жөнүндөгү долбоор чакыртып алынды