Радио

15-марттан тарта Бишкектин борборунда башаламан соодага тыюу салынат

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов башаламан соода-сатык менен күрөшүү аракеттери тууралуу айтып берди.
Sputnik
Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамынын жана Бишкек шаардык кеңешинин "Бишкек шаарын көрктөндүрүүнүн регламенти" токтомунун негизинде 15-марттан тарта Биринчи май районундагы айрым көчөлөрдө соода кылууга тыюу салынат. Бул тууралуу Максатбек Сазыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, борбор калаадагы башаламан соода менен күрөшүүнүн биринчи этабында былтыр Эркиндик бульварындагы батуттар, балмуздак саткан фудтрактар алып салынды.
"15-марттан тарта Биринчи май районундагы айрым көчөлөрдө (Чүй/Эркиндик, Панфилов, Раззаков, Орозбеков ж.б.) соода кылууга тыюу салынат. Жаз-жай мезгилинин башталышы менен шаардын көчөлөрүндө көчө соодасынын белгилүү бир түрү иштей баштайт. Бул соодагерлердин уруксат кагаздары жок. Анын үстүнө мындай соода-сатык шаардын электр тармагына мыйзамсыз кошулуу менен коштолуп, борбордун бюджетине жана энергетика тармагына белгилүү бир жоготууларды алып келүүдө. Буга катар алар таштанды калтырып жатышат. Ошондуктан эми күч эсептегичтер, балмуздак жана алкоголсуз суусундуктарды саткан муздаткычтарга, балдардын электромобилдерине жана такталбаган жерлерде иштеген ар кандай велосипеддер, рикшаларды иштетүүгө тыюу салынат. Бул соодагерлер Панфилов паркына же башка шаар ичиндеги эс алуучу жайларга барып, ээлеринен уруксат алып ишин улантса болот", — деди Сазыкулов.
Ал башаламан соода-сатык кылгандар сот аркылуу жоопкерчиликке тартылып, айып пул төлөөрүн кошумчалады.