БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Атасыз өскөн эркек балдардын көпчүлүгүнүн жеке жашоосу жана карьерасы ойдогудай болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасындагы маегинде психолог Валерий Гут билдирди.
Адис айрым учурда эне баланы жалгыз тарбиялоого аргасыз болорун, бирок аял киши канча аракет кылса дагы эркектин ордун баса албасын айтат.
"Анткени эркек менен аялдын табияты эки башка. Ата менен эне бала үчүн бири-бирин алмаштыра албайт. Атасыз өскөн бала эркектин үй-бүлөдө, сүйүктүүсүнүн жанында кандай болушу керектигин, өз карьерасына кандай мамиле кыларын билбей, үлгү албай калат", — деди психолог.
Жалгыз бой эне уулунун эркектик мүнөзүн калыптандыруу үчүн эмне кылышы керектигин адис санап берди:
эркектин позитивдүү образын түзүңүз. Аны балага туугандардын, мугалимдердин же машыктыруучулардын (спорттук ийримдерге катышса) арасында кадыр-барктуу адам бере алат;
атасынын жакшы сапаттары жөнүндө айтып, балага "мен жакшы адамдын уулумун" деген түшүнүктү калыптандыруу зарыл;
уулуңуздун өз алдынчалуулугун сыйлаңыз. Мыкты эркектин мүнөзү калыптанышы үчүн ал өз алдынча чечим кабыл алганды үйрөнүшү керек;
анын жанында назик, жумшак, үлбүрөк болуудан коркпоңуз. Бала сиз анын жардамына, камына муктаж экениңизди сезиши зарыл.