ЖМК: АКШ Россиянын айынан долларды чексиз басып чыгара албай калды

Баяндамачы 100дөн ашык мамлекет Батыштын Россияга каршы санкцияларын колдобой, товар жүгүртүү үчүн башка валютаны колдонгон экономикалык коалициялар түзүлө баштаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Россияга каршы санкциялар көп өлкөлөрдү доллардан баш тартууга мажбур кылды. Мунун айынан Вашингтон өзүнүн күчүн эл аралык аренага жайылтуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат. Бул тууралуу New York Post басылмасынын баяндамачысы Жей Ньюман билдирди.
"Башкалардын доллардан баш тартышы Американын эл аралык аренадагы позициясына катуу сокку урат. Долларды чексиз санда басып чыгаруу доору соңуна чыгып, чет элдик товарларды арзан алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру жалак калуу коркунучу бар", — деп жазды автор.
Баяндамачы 100дөн ашык мамлекет Батыштын Россияга каршы санкцияларын колдобой, товар жүгүртүү үчүн башка валютаны колдонгон экономикалык коалициялар түзүлө баштаганын белгилеген. Журналист долларга альтернатива жок деген Батыш аналитиктеринин ою иллюзия болуп чыкканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, Батыш өлкөлөрү Москвага каршы салынган санкциялардын айынан энергетикалык ресурстардын баасы асмандап, инфляция жүрдү. Күйүүчү май менен газдын кымбатташы Европадагы өнөр жайлар атаандаштык артыкчылыктарын жоготту. Бул өз учурунда экономиканын башка тармагына да таасир этти. Мындан тышкары, АКШ менен Европа мамлекеттери инфляциянын рекорддук көрсөткүчүнө туш болду.
Трамп: Россиянын эмес, АКШнын режимин алмаштыруу керек