БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун шаардагы кафелердин биринде эркек кишини сабагандыгын кыргызстандык ЖМКлар жазып жатат.
Мушташтын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланган.
Октябрь райондук ИИБден 12-мартта милицияга жабырланган Д.А. аттуу киши кайрылгандыгын билдирди. Аны болжол менен саат 03:30да Элебаев көчөсүндөгү ресторанда белгисиз киши сабагандыгын жазган. Башынан жаракат алып, ооруканага кайрылган. Учурда текшерүү башталып, тергөө жүрүп жатканы айтылды.
Маалымат кызматы учурда мушташка катышкандардын бардыгы такталгандыгын билдирип, бирок пресс-релизде Жаныбек Абировдун фамилиясы көрсөтүлгөн эмес. Милиция депутаттын мушташка катышканы боюнча маалыматты жокко чыгарган да, тастыктаган да жок.
Ал арада социалдык тармактарга күзөт агенттигинде иштеген, аты аталбаган кишинин билдирүүсү тарап жатат.
“12-мартта бейбаштык туурасында маалымат түшүп, тез арада аракетке келүүчү топ чыгып кеткен. Балдар "Золотой дракон" ресторанына келишкен. Аларга 10 чакты киши кол салып, сабашкан. Эки кишини аябай, тобу менен биригип алып сабаш үчүн кандай адам болуш керек. Алардын бири учурда оор абалда ооруканада жатат. Бетин тебелеп салышкан, таанууга болбойт. Алардын абалын сүрөттөп жазууга сөз да таппай турам", — деп жазган колдонуучу.
Жаныбек Абиров азырынча видео боюнча комментарий бере элек.