Күн катуу ысыйбы? Жалал-Абад облусунда бул жумада күтүлгөн аба ырайы

Жалал-Абаддын дыйканчылык аймактарында күндүн табы 23 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Аптанын башында Жалал-Абад облусунда жамгыр жаабайт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу берген маалыматында билдирди.
13-мартта айрым жерлерде жамгыр катуу төгүшү күтүлөт. Андан соң күн ачылып, 17-мартка дейре жаан-чачын болбойт.
18-19-мартта айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Облустун дыйканчылык аймактарында күндүн табы 23 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындуу болот. Кыргызстандагы бир жумалык аба ырайы