Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Солнцепёктун" аткан жана мээлеген жерге тийген видеосу жарыяланды

РФтин Коргоо министрлиги тараткан видеодо бийигирээк жерде турган согуштук техниканын ок бүркүп жатканын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Россиялык аскерлер "Солнцепёк" оор огнемёттук тутумунун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн позициялары боюнча иштеген видеосун тартып, аны Sputnik Ближнее зарубежье Телеграм каналы жарыялады.
РФтин Коргоо министрлиги тараткан видеодо бийигирээк жерде турган согуштук техниканын ок, от бүркүп жаткан кадрларын көрүүгө болот. Андан сырткары, бутага алынган Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн позицияларына тийген ирмемдерди да көрсөтүшкөн.
ТОС-1А "Солнцепёктун" соккусунан окоп менен блиндажга жашынып аман калууга мүмкүн эмес. Термобардык аралашма абага чачырайт да, кубаттуу басымдын алдында температурасы +3000 градуска чыгып, 200 килограммдык снаряд келип тийген жерин соо калтырбайт. Адистер мындай ысыктан болот калканычтар да эрип түшөрүн айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги Украина аскер күчтөрүнө "Искандерди" колдонгонун көрсөттү