Радио

Кыргызстанда сейсмикалык кооптуулукту аныктаган жаңы карта түзүлөт

Сейсмология институтунун инженердик сейсмология жана сейсмикалык микрорайондоштуруу лабораториясынын жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты Мураталы Камчыбеков сейсмикалык коопсуздукка маани берилиши керектигин айтты.
Sputnik
Сейсмология институту сейсмикалык кооптуулукту аныктаган жаңы карта иштеп чыгат. Ал өлкөдөгү эл жашаган бардык жерлерди сейсмикалык жактан райондоштурууга, жер титирөөнүн деңгээлин аныктоого жардам берет. Бул тууралуу Мураталы Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда курулушта жаңы эрежелер, нормалар, талаптар өзгөрүп жаткандыктан жаңы сейсмикалык картага муктаждык бар.
"Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкандыктан бул маселеге олуттуу кароо керек. Сейсмология институту сейсмикалык кооптуулукту аныктаган жаңы карта иштеп чыгат. Ал өлкөдөгү эл жашаган бардык жерлерди сейсмикалык жактан райондоштурууга, жер титирөөнүн деңгээлин аныктоого жардам берет. Негизи буга чейин да мындай карталар түзүлүп келген. Бирок учурда курулушта жаңы эрежелер, нормалар, талаптар өзгөрүп жаткандыктан жаңы сейсмикалык картага муктаждык бар. Эл аралык жаңы стандарттар кабыл алынып, жер титирөөнүн деңгээли тууралуу кенен маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бүгүнкү күндө да изилденип жатат. Мындан тышкары, ири шаарлардын, гидротехникалык курулуштардын жана ири өнөр жай объектилеринин сейсмикалык кооптуулугуна маани берилиши керек" — деди Камчыбеков.
Ошондой эле адис жаш окумуштуулардын саны өсүп, бул багытта илим изилдөөгө да көңүл бурула баштаганын кошумчалады.